Көп батирлүү үйлөрдүн жүзгө жакын тургуну суу берилбегенине нааразылык билдирип жол торошту

0

12-июлга караган түнү Алматыга жакын жайгашкан Бесагаш айылындагы көп батирлүү үйлөрдүн жүзгө жакын тургуну суу берилбегенине нааразылык билдирип жол торошту.

Соцтармактарга жарыяланган видеодо ондогон киши жолдун ортосуна топтолуп, айланасында көптөгөн автоунаалардын тыгында турганын көрүүгө болот.

Айрым тургундардын айтымында, бул райондо үйлөргө суу берүүдөгү мүчүлүштүктөр буга чейинки жылдары да катталып келген.

Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына караганда, нааразы болгон жарандар менен Талгар районунун акими жана анын орун басары жолукту. Акимчилик өкүлдөрү суу берүүдөгү мүчүлүштүктөрдү суу түтүктөрүнүн тешилип калганы менен түшүндүрүштү. Түнкү саат бирлерге жакын аталган үйлөргө суу ташыган автоунаа менен таза суу жеткирилгени кабарланды.

Полициянын билдирүүсүнө ылайык, көп өтпөй чогулган тургундар жолду бошотуп, андагы транспорт кыймылы калыбына келген. Коомдук тартипти бузуу учурлары катталган эмес.

Буга чейин Алматы шаарына жакын жайгашкан Көктал конушунда да таза суу тартыштыгы болуп, эки миңге жакын тургуну бар айылдын жашоочулары суу чыгаруу үчүн өз алдынча кудуктарды каза баштаганы кабарланган.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/16313