Ичимдикти "Манас" деп атоого тыюу салган мыйзам долбоору даярдалды

0
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги материалдык эмес маданий мурастар тууралуу мыйзамга алымча-кошумча киргизүү долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Анда алкоголь жана тамеки өнүмдөрүнүн аталышына "Манас", "Семетей" жана "Сейтек" деген сөздөрдү колдонууга тыюу салган норма бар.

Ушул жылдын башында Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети "Манас" эпосу жөнүндө мыйзам долбоорун карай баштаган. Аны 40 депутат сунуш кылган. Бул мыйзамдын максаты эпоско байланыштуу баалуулуктарды сактоо, жайылтуу, изилдөө жана Манас деген ысымды коммерциялык жана башка максаттарда пайдалануу иш-аракеттерин тескөө деп айтылган.

"Манас" кыргыз эпосторунун башатында турат. Ал ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий баалуулуктар тизмесине жана Гиннес рекорддор китебине дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпос катары кирген.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/16372