Тышкы иштер министрлиги Ду Дэвэнь Кытай тарап маселени чечүүгө жардам берерин айтканын билдирди.
Кыргызстандын буюртмасы менен Кытайда жасалган “Токтогул” ГЭСине керектүү жабдыктардын жарымы кыргыз-кытай чек арасындагы “Эркечтам” бекети, экинчи жарымы Казакстан аркылуу казак-кытай чек арасындагы “Хоргостон” келери пландалган.
“Хоргосто” коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаалдан улам кезек көп болгондуктан Кыргызстандын жабдыгы 300-кезекте экени май айында маалым болгон.
“Токтогул” ГЭСине Кыргызстанда өндүрүлгөн электр энергиянын 40% туура келет. 1975-жылы курулган ишкананын үч этаптан турган эл аралык донорлордун жардамы менен ишке ашырылып жаткан алгачкы реконструкциясы 2017-жылы башталган. Үчүнчү этап 2023-жылы жыйынтыкталышы керек.