Быйыл айт намазы эски аянтта окулбайт

0

Курман айт күнү Бишкектеги эски аянтта айт намазы окулбайт. Бул боюнча Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгына байланышканыбызда белгилүү болду.

Билдирүүгө ылайык, мындай чечим тиешелүү мамлекеттик мекемелер менен биргеликте кабыл алынган. Ал эми өлкөнүн мечиттеринде айт намазы окула берет.

Белгилей кетсек, быйыл арапа күнү 19-июлга, Курман айт майрамы 20-июлга туш келди.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/16379