Ооган кыргыздары Тажикстанга өтүп жатканда эки ымыркай чарчап калганы кабарланды

0
Ооганстанда жашаган 345 этникалык кыргыз талибдерден качып Тажикстандын аймагына кире качты. Бул тууралуу Тажикстандын УКМКсынын Чек ара кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Ооганстандын Бадахшан провинциясындагы Андемин айылынын тургундары - 91 эркек, 77 аял жана 177 жаш бала Тажикстандын Мургаб районундагы Кызыл-Рабат айылына өтүшкөн.

Чек арадан өтүп жатканда эки ымыркай чарчап калган. Тажикстандын Чек ара кызматы гуманизм жана ынак коңшулук принциптерин карманып, ооган кыргыздарын өз аймагына киргизгенин кабарлады.

Учурда качкындар Кызыл-Рабат айылындагы Чоштепп жана Дуйтук участогуна жайгаштырылган.

Тажик чек арачылары Ооганстандан өткөн адамдарды текшерүү маалында 3.5 киллограм маңзат табылганын кабарлады.

Соңку жумаларда “Талибан” кыймылы Ооганстандагы бир нече аймакты, анын ичинде Тажикстан менен чектешкен райондорду өз карамагына алышкан. Мындан улам Ооганстандагы жарандар, аскерлер коңшу өлкөлөргө качып кирип жатышат.

Буга чейин талибдерден коркуп 80ге жакын ооган кыргызы Тажикстандын аймагына өткөнү кабарланган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул маалыматты тактап жатканын билдирген.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/16390