Төрөбай Зулпукаровдун уулу кафеде иштеген кызга кол салган деп шектелүүдө

0

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун уулу майда бейбаштыкка шектелүүдө.

Социалдык тармактарга белгисиз жигиттин кыз киши менен урушуп жаткан видеосу тарады. Видеодо жигит кыздын колунан жана чачынан тартып жатканын, ал эми кыз бардын артына качып жатканын көрүүгө болот.

Видеонун автору кол салган жигит – Жогорку Кеңештин депутатынын уулу Нуригман Зулпукаров экенин айтууда. Анын атасы учурда Кумтөрдөгү коррупцияга шектелип, УКМКнын абагында кармалууда.

Бүгүн, 15-июлда АКИpress агенттигине Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы аталган окуя боюнча маалымат берди. 6-июлда РИИБге И.А. аттуу кыз арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 6-июлда болжол менен саат 18:20 чамасында Киев көчөсүндөгү кафедеги жумушуна Н. аттуу таанышы келген. Ал агрессивдүү болуп, ортодо пикир келишпестик жаралган. Н. кызды кемсинтип, күч менен бардын ары жагынан алып чыгууга аракет кылган.

Аталган факт КЖБРга Жоруктар кодексинин 119-беренеси (майда бейбаштык) менен катталган жана соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Милиция кызматкерлери шектүүнү суракка алышкан. Ал 2000-жылы туулган З.Н. экени белгилүү болду. Шектүү жабырлануучу менен мектептен бери тааныш экенин билдирген.

Тергөө уланууда.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/16392