Учурда "Манас" эл аралык аба майданынын алдындагы токтотмонун алгачкы 15 мүнөтү акысыз, саатына 60 сом, суткасына 360 сом. Аэропорт 20-июлдан тартып акысыз 15 мүнөт жоюлуп, толугу менен акы алууга өтөөрүн билдирген. Бул жай аутсорсингге берилгени, келишимге ылайык бааны аутсорсинг компаниясы гана аныктары айтылган.
Монополияга каршы агенттик бул өзгөртүү "Атаандаштык жөнүндө" мыйзамдын эрежелерине каршы келерин маалымдады.