Депутат Осмонов президенттин айланасындагыларга нааразы болду

0
Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов президенттин айланасындагыларга нааразы болду. Ал мындай маанидеги билдирүүсүн "Фейсбуктагы" баракчасына жазып, учурда артынан адам салуу, коркутуу-үркүтүү, адилетсиз кадамдар уланып жатканын кыйытты.

"Биздин азыркы жашоо деңгээлибизге, үч жолку бийлик алмашууга, өлкөнүн учурдагы кейиштүү экономикалык абалга өлкө башкаруучусунун тегерегиндегилер күнөөлүү экенине ынанып баратам. Туура эмес маалыматтарды жеткирип, жеке амбицияларынан улам бирөөнүн ийгилигин жактырбай, жаратман жаштардын эл үчүн деп алдыга койгон кадамдарын чалынтуу максатта, сага жакшы эле пикирде жүргөн адамдардын оюн өзгөртүүгө жетишет тура",-деп жазды Осмонов.

Ал Ош шаардык кеңешиндеги ийгилиги айрым адамдарга жакпаганын, учурда шайлоодон четтетилсе да таң калбай турганын билдирди. Депутат ал кайсы бир адамдардын ысымын так жазган эмес.

Айбек Осмонов Жогорку Кеңеште "Бир бол" партиясынан депутат. Ал "Ихлас" курулуш компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Соңку Бишкек жана Ош шаардык кеңештеринин шайлоосуна "Биздин Кыргызстан" партиясын баштап барган. Добуш берүү жыйынтыгында аталган партия Ош шаарында 7 пайыздык чектен өтсө, Бишкекте бул босогодон аша алган эмес.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/16425