17-июлда вирус дагы 1564 адамга жукканы тастыкталды. Алардын басымдуусу Бишкекте - 778, Ош шаарында - 33, Чүй облусунда - 205, Ош облусунда - 48, Талас облусунда - 24, Нарында - 24, Ысык-Көлдө - 51, Жалал-Абадда - 85, Баткен облусунда - 116 адам коронавируска чалдыккан.
Ушуну менен былтыр марттан бери 147 968 адам COVID-19 вирусуна чалдыккан. 124 058 адам илдетти жеңип, сакайып чыкты. 2165 адам оорудан көз жумду.
2019-жылы Кытайдын Ухань шаарында чыккан коронавирус илдети кыска аралыкта дүйнөгө жайылды. Азыркы маалда 190 млн ашуун адам ооруга чалдыгып, 173,5 миңден ашуун киши сакайды. Илдет 4 млн ашык адамдын өмүрүн алды.