“Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” жаңы мыйзам долбоорун Садыр Жапаров сунуштаган. Ага ылайык 55 депутат партиялык тизме, 35 депутат бир мандаттуу округдан шайланып келет.
Бир мандаттуу округдардан шайлоо үчүн Кыргызстан 103 миң шайлоочудан 35 округга бөлүнөт.
Кыргызстанда бир мандаттуу округдардан шайлоо акыркы жолу 2005-жылы өткөн. Ал шайлоонун жыйынтыгы 24-марттагы Жоогазын революциясы менен аяктаган.
Былтыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу калайман каршылык чыгып, ал бийлик алмашуу менен аяктаган. Октябрь окуяларынан улам бийликке келген Садыр Жапаров парламенттик шайлоо системасын өзгөртүүгө убада берген эле.