УКМК КР: Майнинг-ферманын мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюлду

0
Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан энергетика тармагындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, жана ошондой эле республикада электр энергиянын олуттуу жетишсиздигин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын электр тармактарына ири зыян келтирген майнинг-ферманын (криптовалюта үчүн өндүрүшүндөгү) мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталып жана ага бөгөт коюлду.
Нарын шаарынын аймагында ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, сотко чейинки өндүрүштүк материалдардын негизинде, Кыргыз Республикасынын жараны "Б.Т.Б." 118 даана өлчөмүндө майнинг-ферманы жеке үйгө орнотуп мыйзамсыз пайда алып жүргөнү аныкталды.
"Б.Т.Б." өзүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу максатында, "майнинг-фермасынын" жайгашкан жерин, ошондой эле ал жердин үн изоляциясын жана желдетилишин жашыруу боюнча максаттуу иш-чараларды уюштурган.
Азыркы учурда КР УКМК тарабынан мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар адамдардын бардыгын аныктоо иштери улантылууда.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/16484