20-июлда кечке жуук Кара-Дарыя айыл аймагында жаап өткөн жамгырдан кийин кокту-колоттон сел келген. Социалдык желеге Кара-Дарыянын суусу ташкындап, жергиликтүүлөр жардам сурап жатканы тартылган видео тарады.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сузак райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу жеринде иштеп жатат.
Ушул күнү Аксы районунун Авлетим айыл аймагындагы бир нече турак үйлөрдүн короолорун да суу каптады. Кадамжай жана Араван райондорунун тургундары сел жүргөнү тартылган видеолорду интернетке чыгарышты.
19-июлда Баткен облусунда сел жүрүп, Лейлекте 16 жаштагы өспүрүмдүн өмүрүн алган. 12-июлда Аксы районунда сегиз кишини сел агызып кеткен.