Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун аймагында жоголуп кеткен 29 жаштагы К. В. аттуу кызды издөө ата-энесинин айтканынан улам токтотулду. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Жоголгон кызды издөөнү токтотууну анын ата-энеси айтып, Россияга кете тургандыктарын билдиришти. Жакындары жана биздин куткаруучулар аны тирүү табууга мүмкүнчүлүк жоктугун түшүнүп турат. Кыз токойдо адашып кетти го деген үмүт бар болчу, бирок ал да акталбай калды", — дешти маалымат кызматынан.
Алар Каракол суусунан изделип жаткан кыздын ботинкасы менен шымы табылганын билдиришти.
Жоголгон туристти милициянын жана ӨКМдин 100гө чукул кызматкери издеген.