Ошто мандат бөлүштүрүүдө түшүнбөстүк жаралды

0
Ош шаардык кеңешине шайлоодо экинчи орунга чыккан "Биздин Кыргызстан" саясий партиясында мандат бөлүштүрүүдө ич ара келишпестик жаралды. Партиянын тизмесинде 9-болуп катталган Жамал Ормонова шайлоодон кийин артка жылдырылганын билип, укук коргоочу Гүлгаакы Мамасалиева кайрылган.

Бул тууралуу Мамасалиева "Азаттыкка" билдирди.

"Партия шайлоодон кийин талапкерди жыйынтыктоочу тизмеде артка жылдырган. Андыктан ал талапкер мандат ала тургандарынын катарына кирбей калган", - деди Мамасалиева.

"Биздин Кыргызстан" партиясынан 9-тизмеде талапкер болуп шайлоого катышкан Жамал Ормонова окуяга байланыштуу комментарий берүүдөн баш тартты. Ал эми "Биздин Кыргызстан" партиясынын Ош шаарындагы лидери Медер Абдыманапов талапкер партиянын ички эрежесине ылайык артка жылдырылганын билдирди.

"Биз шайлоого чейин атайын эреже кабыл алганбыз. Ага ылайык партиянын ичинде рейтинг түзүлгөн. Шайлоодо аз добуш алгандыктан, Жамал Ормонова артка жылдырылып, анын ордуна Аида Раимбердиева деген талапкер коюлду. Бул талапкерлердин макулдугу менен болгон иш. Бул жерде аялдардын квотасы да бузулган жок", - деди Абдыманапов.

Ош шаардык кеңешине өткөн шайлоонун жыйынтыгы чыгып, Борбордук шайлоо комиссиясына бекитүүгө жөнөтүлгөн. “Ата-Журт Кыргызстан” – 19, “Биздин Кыргызстан” – 15, “Улуттар Биримдиги” – 7, “Бир Бол” – 4 мандат алат.

Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү жана шаардык кеңештерге шайлоо өткөн. Бишкек, Ош, Токмок шаарларында мыйзам бузуулардан улам добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган жана 11-июлга кайра шайлоо өттү.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/16501