Жайкы каникул уланууда. Милиция менен тиешелүү органдар суу обьектилериндеги адамдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча алдын алуу иштерин жүргүзүүдө.
Бирок, балдардын сууга чөөгүсү тууралуу маалыматтар пайда болууда. Себептер көп, жыйынтык бирөө-баланын өлүмү.
Балдардын өмүрүн кантип сактап калуу керек? Ата-энелер үчүн сунуштамалар:
Сак болуңуз! Балдарды күн сайын көзөмөлдөп туруңуз!
• балдарды эрте сууда сүзүүгө үйрөтүңүз. Суунун жанында же бассейнде жүргөндө балдар ар дайым көзөмөлүнүздө болсун;
• балдарга сууда сүзүүгө жалгыз кое бербеңиз же алыс сүзүүгө жол бербеңиз;
• баланын жакшы сүзө аларына көзүңүз жеткенге чейин, анын коопсуздугун камсыз кылган жабдыктарды көлдүн жээгинде, көлдө, кемеде, тайыз суунун жанында же бассейнде жүргөндө кийгизип коюңуз. Баланы ар дайым көзөмөлдөп туруңуз!
• эгерде суу сактагычтын тереңдиги бир жарым метрге жетпесе же жанында чоң киши жок болсо, балаңыздын сууга секиришине жол бербеңиз.
• балдарды чагылган түшүп жаткан учурда көлмөлөргө же суу сактагычтарга жибербеңиз;
•балдарга сууга чөгүүнүн алдын алуу үчүн жөнөкөй эрежелерди үйрөтүңүз; Сууга түшүүнүн эрежелерин сактагыла!
• сууга уруксаат берилген жерлерде, жакшы жабдылган көлдүн жээктеринде түшүү керек;
• суунун агымы күчтүү, кароосуз калган жерлерде, балыры көп жерлерде сууга түшпөө керек;
• суунун температурасы 19 градустан кем болбошу керек. Сууга 20 мүнөт түшүү сунушталат жана андан соң гана 3-5мүнөттөн убактысын көбөйтө берсе болот.
• 15-20 мүнөттөн бир нече жолу сууга түшкөн жакшы, анткени сууда көп убакыт болгондо денени калтырак басуу, дем алуунун токтоп калышы жана эс-учун жоготуу менен коштолуп калышы мүмкүн;
• көпкө чейин күндө болгондон кийин сууга түшпөө же сууга секирбөө керек, анткени сууда муздаганда булчуңдар кысылып, жүрөк токтоп калат;
• көпүрөлөрдөн, тирөөчтөрдөн сууга түшүүгө, өтүп бараткан кайыктарга, кемелерге чейин сүзүүгө жол берилбейт;
• сууда сүзүүнү билбесеңиз, үйлөтүлгөн матрацтарда жана тегерекчелерде жээктен алыс сүзбөңүз;
• суудагы чек белгилери акваториянын түбү текшерилип, анын аягы көрсөтүлгөндүгүн билүү абдан маанилүү.
Эсиңиздерде болсун! Балдардын коопсуздугу-улуулардын камкордугунан көз каранды! Балдардын өмүрүн сактаңыздар!
ИИМдин Басма сөз кызматы