Ысык-Көлдө жол кырсыгынан беш киши мүрт кетти

0
21-июль күнү кечинде Ысык-Көл облусунун Балыкчы-Ананьева-Каракол автожолунда Lexus жана Mitsubishi машиналары кагышып, беш киши мүрт кетип, дагы беш адам жаракат алып аймактык ооруканага жаткарылды. Чырпыкты айылында болгон кырсыкта каза болгон беш киши тең Mitsubishi автоунаасында бара жатышкан.

“Бул жол кырсыгы Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүндө Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталды. Тиешелүү экспертизалар дайындалды”, - деди жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Исаев.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/16514