“Фактчек”: көлдө Жапаров менен сүрөткө анын ири демөөрчүсү түшкөн

0

“Фактчек” порталы социалдык тармактарда кызуу талкуу жараткан, президент Садыр Жапаров менен Ысык-Көлдө сүрөткө түшкөн адамдын таржымалын иликтеп чыкты. Анда ал Нурбек Калмурзаев аттуу ишкер экени, соңку президенттик шайлоодо Жапаровдун фондуна 6,6 миллион сом которуп, эң ири демөөрчү болгону аныкталган.

Ишкер бул окуядан кийин жергиликтүү сайттардын бирине берген маегинде Жапаровго ал көл жээгинде эс алуучулар менен жолугуп жатканда кокусунан гана кездешип калганын айткан жана шайлоодо анын ири демөөрчүсү болгонун ачыктаган эмес.

Айрым бир маалыматтарга караганда Калмурзаев Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы “Баястан” деп аталган тойкананын кожоюну.

Былтыр коронавирус күчөп турган июль айында бул жайдын ээсине карантин шарттарын бузганы үчүн кылмыш иши козголгону тууралуу маалыматтар чыккан. Анда жергиликтүү милиция той өткөрбөө тууралуу үч жолу эскертүү берилгенин, бирок "Баястандын" кожоюну талапты аткарбай жатканын билдирген.

Президенттин басма сөз кызматы Калмурзаевге байланышуу комментарий бере элек.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/16519