Таласта сел жүрдү

0

21-июлда Кара-Буура районундагы Шилбили өзөнүндө сел жүрүп Кара-Буура - Чаткал автожолунун 15-чакырымын суу каптап, машина өтүүчү көпүрөнү бузуп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, каттам эки тараптуу жабылып 30га жакын машина жана жүргүнчүлөр өтө албай калган. Жабыркагандар жок. Ушул тапта райондук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан жана кошумча күчтөрдүн жардамы менен жол тазаланып жатат.

ӨКМ 21-23-июлда тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн экенин эскерткен.

12-20-июль күндөрү Жалал-Абад жана Баткен облустарында жүргөн селден 10 киши каза болду.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/16521