1 169 адамдан COVID-19 жаңы табылып, 12 бейтап көз жумду

0

Кыргызстанда 22-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 169 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында – 760, Ош шаарында – 13, Чүй облусунда – 132, Ош облусунда – 31, Талас облусунда – 12, Нарын облусунда – 17, Ысык-Көл облусунда – 52, Жалал-Абад облусунда – 76, Баткен облусунда – 76 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир суткада 1 миң 837 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 1303, Ош шаарында – 95, Чүй облусунда – 155, Ош облусунда – 35, Талас облусунда – 13, Нарын облусунда – 12, Ысык-Көл облусунда – 36, Жалал-Абад облусунда – 95, Баткен облусунда – 93 бейтап айыгып чыкты", - дейт ал.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 6, Чүй облусунда 4, Нарын облусунда бир, Баткен облусунда бир бейтап каза болгон.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 356 бейтап, амбулатордук түрдө 16 миң 9 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 29 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Стационардан 8, ал эми үй карантининен 27 медкызматкер чыгарылган. Пандемия башталгандан бери 6 миң 267 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 499 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 153 миң 878 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 130 миң 742 киши айыгып чыкса, 2 миң 217 адам каза болду.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/16522