Апасы таштап кеткен 2 бала табылды. Милиция туугандарын аныктоого көмөктөшүүнү суранат

0

Ысык-Көл РИИБи жашы жете элек балдардын туугандарын аныктоого көмөктөшүүнү суранат.

Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 17-июль күнү саат 21:00 чамасында 59 жаштагы аял Ысык-Көл РИИБдин Бостери айылдык милиция бөлүмүнө кайрылып, 25-30 жаштагы аял эки жашы жете элек баласы менен Бостери айылындагы жеке сектордо бир бөлмөнү ижарага алгандыгын билдирген.

Эртеси, 18-июль күнү саат 09:30 чамасында аял жеке сектор ээлеринен балдарын карап турууну суранып, өзү белгисиз тарапка чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Балдардын айтымында, улуусу Алинур, ал эми кичүүсү Акылбек. Алар 4 жана 2 жашта. Атасынын аты Жолдош, апасы Перизат. Бирок алар жашаган дарегин так билишпейт.

Жашы жете элек балдардын ата-энелери же туугандары жөнүндө билгендер болсо, төмөнкү телефон номурларына кайрылсаңыздар болот: 0505 250-545, 0502 112-131, 0709 060-962, 03943 45202 же Ысык-Көл РИИБдин 102 номуруна.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/16526