Чөнтөкчүнүн курмандыгы болуп калбоо үчүн эмне кылуу керек? ИИМ кеңеш берет

0

Ички иштер министрлиги чөнтөк уурунун тузагына илинип калбоо үчүн жарандарга кеңеш берет.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, эл көп жүргөн транспортко түшкөндө, дүкөндөргө же эл көп топтолгон жайларга барганда этият болсоңуз, чөнтөк уурулардан коргонууга болот. Эл көп топтолгон жайларда кылмышкер сизди кокустан түртө баштайт. Бул учурда кылмышкердин тузагына илингениңизди бейкапарлыгыңыздан билбей калган учурда чөнтөгүңүзгө же сумкаңызга колун салып, өз ишин баштайт.

Эреже боюнча, уурулардын олжосу болуп пластикалык карталар жана уюлдук телефондор, акча каражаты салынган капчыктар эсептелет.
Албетте, бардык кырдаалды алдын ала көрүү жана бардык учурда кеңеш берүү мүмкүн эмес. КР Ички иштер министрлиги чөнтөк ууруларынын тузагына түшүп калбоо үчүн жарандарга бир нече кеңешти сунуштайт:
• чөнтөгүңүз менен сумкаңызды көзөмөлдөп туруңуз;
• эгер сиз турган болсоңуз, анда сумкаңызды бекем кармаңыз, эгер отурсаңыз, алдыңызга коюңуз;
• эч качан капчыгыңызды, уюлдук телефонуңузду же баалуу буюмдарыңызды шымдын чөнтөгүнө салбаңыз. Ууру үчүн телефонду же капчыкты шымдын арткы чөнтөгүнөн алып чыгуу - бул эң жөнөкөй иш;
• акча жана уюлдук телефондорду сактоо үчүн ички сыдырмасы бар чөнтөктөрдү колдонуңуз;
• капчыктын ичиндеги акча каражатын эл алдында көрүнө эсептебеңиз;
• документтерди жана акча каражатын өзүнчө салып жүрүңүз;
• жол акыны алдын ала даярдап коюңуз;
• транспортто уктап калбаңыз.

Эсиңизде болсун! Эгер сиз кылмыштуу кол салуудан жапа чеккен болсоңуз, дароо милицияга 102 телефону менен байланышыңыз, ал эми окуянын күбөсү болсоңуз калсаңыз 102ге чалып, кылмыш жөнүндө кабарлаңыз.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/16555