Садыр Жапаров мас айдоочуларга каршы рейдди күчөтүүнү тапшырды

0

Президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине (ИИМ) мас айдоочуларды аныктоо үчүн текшерүүнү күчөтүүнү жана айрыкча Ысык-Көлгө кошумча күч тартууну тапшырды.

“ИИМ жайкы туристтик мезгилде жолдордо адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу чараларын күчөтүшү керек. Мамлекет башчысы мас абалында унаа башкарган айдоочуларды аныктоо жана Ысык-Көлгө кошумча күч тартууну тапшырды. Мындан тышкары, жолдордогу кыймылга, эрежелерди сактоого көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырылды”,- деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Кыргызстанда кан жолдордо акыркы күндөрү адам өлүмү менен аяктаган ири автокырсыктар көбөйдү жана анда айрым айдоочулар мас болгону аныкталган.

Расмий маалыматка ылайык быйыл жыл башынан бери өлкөдө 3400дөй жол кырсыгы катталып, андан 329 киши каза болду. Дагы беш миңдей жүргүнчү жаракат алды.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/16560