Антикоррупциялык ишкердик кеңеши бизнесмендерди биринчи жумушчу жолугушууга чакырат

0

Президенттин алдындагы Антикоррупциялык ишкердик кеңеши ишкер коомчулугун биринчи жумушчу жолугушууга чакырат. Жолугушуу 27-июлда саат 11:00дө өкмөт үйүндө өтөт.

Жолугушууда төмөнкү маселелерди талкуулоо сунушталды:

1. Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин курамынын өзгөрүүсү үчүн критерийлер;

2. Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши жөнүндө бекитилген жобого ылайык кеңештин ишин уюштуруу;

3. Башка суроолор.

Жолугушууга катышуу үчүн secretariat.adc@gmail.com электрондук дарекке же 0555 347 141 ватсапп номерине мекеменин толук атын, өзүнүн аты-жөнүн, электрондук дарегин жана байланыш номерлерин жазуу керек. Катышууну каалагандар 26-июлдун саат 24:00гө чейин билдирүүнү жибериши керек.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/16561