Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-июлда өлкө башчы Садыр Жапаров уулу менен “Бишкек парк” соода борборундагы эмдөө пунктуна барып, эмдөөдөн өтүшкөн.
Белгилей кетсек, буга чейин президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары COVID-19 илдети менен оорушкан. Алар кытайдын Sinopharm вакцинасын алышты. Ал эми биринчи айым Айгүл Жапарова буга чейин эле эмдөөдөн өткөнү айтылган.