Каныкей Кубанычбекова Олимпиада оюндарында 48-орунга илинди

0

Кыргызстандык спортчу Каныкей Кубанычбекова Олимпиада оюндарында 10 метр аралыктан ок атуу спорту боюнча 48-орунга илинди. Бул тууралуу Олимпиада оюндарынын сайтында айтылат.

Ал 24-июлда 50 спортчунун ичинен 612,8 упайы менен 48-орунга жайгашты. Финалга өтүш үчүн спортчулар 628,5 упай топтоо керек эле.

Белгилей кетсек, Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан 16 спортчу катышууда.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/16586