Алмаз Мамбетов Ош мэринин милдетин аткарууга киришти

0
Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэриясына тааныштырылып, мэрдин милдетин аткарууга киришти. Бул тууралуу "Азаттыктын" аймактагы кабарчысы билдирди.

45 жаштагы Алмаз Мамбетов 2016-2019-жылдары Балыкчы шаарынын мэри, 2019-2020-жылдары Мамлекеттик катоо кызматынын төрагасы, 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин президенттин иш башкармалыгынын төрагасы болуп иштеген.

Ош шаарынын мэрин шаардык кеңештин депутаттары шайлайт. 11-июлдагы шайлоодо шаардык кеңешке төрт партия өткөн.

“Ата-Журт Кыргызстан” – 19, “Биздин Кыргызстан” – 15, “Улуттар Биримдиги” – 7, “Бир Бол” – 4 мандат алышкан.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/16835