Жапаров менен Ташиевдин көлдөгү эс алуусу талкууга түштү

0

Президент Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин Ысык-Көлдөгү эс алуусу талкууга түштү. Экөөнүн 1-августта сууда гидроцикл айдап жургөн учуру тартылган фотосүрөттөр социалдык желеге тараган. Ошондой эле көлдүн жээгиндеги эс алуучулар менен түшкөн сүрөттөрү жана видеолору жарыяланды.

 

Президенттик аппарат же атайын кызмат Жапаров менен Ташиевдин эс алууга байланыштуу расмий маалымат тараткан жок.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/16845