ИИМ унаа ээлерине эскертет: унаада мүлктөрүңүздү калтырбаңыздар!

0

Автомобиль жана анын ичиндеги мүлк- унааны уурдоо үчүн жогорулатылган көңүл бурдуруучу обьект болуп саналат. Транспорт каражатынын ээсинин кыраакылыгын жоготуусу кылмышкерлерге татаал ыкмаларга барбай туруп кылмыштарды жасоого мүмкүнчүлүк түзүп берет.

Ички иштер министрлиги унаа ээлерин укукка каршы аракеттерге дуушар болуп калбоолору үчүн эскертүү иретинде өздүк мүлктүн коопсуздугун камсыздоо боюнча бир нече кеңештерди берет.

  • унааңыздын ичиндеги көзгө көрүнүктүү болгон жерге мүлктөрүңүздү таштабаңыз;
  • сигнализацияны орнотуңуз;
  • унаадан чыккандан кийин эшиктер жана терезелер жабык экенин текшериңиз;
  • транспорт каражаттарына унааны уурдоого каршы заманбап каражаттарды орнотуңуз, GPS;
  • гараждын дубалдарын, кулпуларын бекемдеңиз;
  • унаанын ичине кошумча ачкычтарды сактабаңыз;
  • унаанын ачкычын күйүүчү май куйуучу станцияларда, унаа жуучу жайларда жана унаа токтотуучу жайлардын кызматкерлерине бербеңиз;
    Көңүл буруңуздар!
    Эгер сиз кылмыштуу кол салуулардан жапа чеккен болсоңуз же кылмыштын күбөсү болуп калсаңыз, дароо эле милицияга 102 аркылуу кайрылыңыз.

ИИМдин Басма сөз кызматы

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/16847