Камчы Көлбаевдин туулган күнүнө келген жокмун, — Хабиб Нурмагомедов

0
Бүгүн, 4-августта белгилүү мушкер Хабиб Нурмагомедов маалымат жыйын берүүдө. 
Жыйында Нурмагомедов кримтөбөл Камчы Көлбаевге байланыштуу суроого жооп берип, өлкөгө келгени Камчы Көлбаевдин туулган күнү менен байланыштуу эмес экенин белгиледи.

“3-августта Чолпон-Атада өткөн турнир 27-июлда өтүшү керек болчу. Бирок Лос-Анжелестеги турнир жылдырылганына байланыштуу бул жактагы турнирдин дагы датасын жылдырууга туура келди. Мен Лос-Анжелестен 2-август күнү түндө учуп келдим, Турнирди өткөрдүк. Эч кандай байланыш көргөн жокмун”, – деди мушкер.

Белгилей кетсек, мурунку чемпион Хабиб Нурмагомедовго таандык Eagle Fighting Championship (EFC) боюнча аралаш мушташ боюнча мелдеш биринчи жолу Чолпон-Ата шаарында өттү. Ага атактуу мушкер Хабиб Нурмагомедов өзү катышты.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/16937