Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Токиодо өткөн Олимпиадада финалдык беттештен кийин алгачкы билдирүүсүн Facebook баракчасына жарыялады.
Спортчу колдоо көрсөткөн кыргыз элине рахматын айткан.
Тыныбекова калган спортчуларга ийгилик каалап, баары жакшы экенин белгилеген.
"Азыр болсо өлкө намысын кийинки беттештерде коргой турчу спортчуларыбызга ийгилик каалайм. Кыргыз элимдин алтынга болгон үмүтү үчүн күрөшүңүздөр! Алга! Баары жакшы! Сиздердин колдооңуздар мени дагы да чыйралтат!" — деген спортчу.