Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Жээнбек Кулубаев администрациянын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. 2018-жылдан быйыл июль айына чейин ал Кыргызстандын Казакстандагы элчиси болчу.
Казакстандагы элчиликти 2020-жылдын ноябрь айынан бери администрациянын Тышкы саясат бөлүмүн башкарып келген Дастан Дүйшөкеев жетектемей болду.