Кечээ,7-августта Бишкек шаардык Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан чыр-чатактан улам таанышынын бутуна ок аткан 1983-жылы туулган Т.Т. кармалды.
Ленин райондук ИИБ басма сөз кызматы билдиргендей, кармалган жаран КРнын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренеси боюнча тергөө абагына киргизилди.
Белгиленгендей, жаран Т.Т. 9-мм калибрдүү «MP-79-9» маркасындагы травматикалык тапанчасын ыктыярдуу түрдө берген .
Эскерте кетсек, 7-августта Ак-Ордодо жаран урушуп кеткен адамынын бутуна ок аткан. Жабырлануучунун жубайынын айтымында, ок аткан адам Т.Т. Бишкек шаардык кенешинин депутаты болуп саналат.