“Социал-демократтар” партиясы мушташа кеткени тууралуу видеосу интернетке тараган мүчөлөрүнө карата “эң катаал” чара көрөт. Бул тууралуу партия лидери Темирлан Султанбеков “Апрель” телеканалына билдирди.
Анын айтымында, бул партияга тийиштүү суроо эмес, бул алардын ортосундагы маселе.
“Экөө менен тең сүйлөштүм. Бул көрүнүш шаардык кеңештин депутаты үчүн уят экенин айттым. Бул маселе боюнча катаал чаралар көрүлөт деп ойлойм, мисалы, партиядан чыгаруу сыяктуу. Бул ишти укук коргоо органдары тергеп жатат, иликтөөнүн жыйынтыгына карата чечим чыгарылат”,-деп билдирди.