Эпидемия башталгандан бери Бишкек вирус эң көп катталган аймак болууда. Соңку 2-3 аптадан бери борбор калаадан кийинки орунда көбүнчө Чүй, кээде Жалал-Абад облустары болуп келген.
Ысык-Көлдө бул күндөрү туристтик сезон уланууда. Аба ырайы жакшы болгондуктан эс алуучулар көлгө көп каттап жатканын байкоого болот. Өткөн апталарда аталган облуста коронавирус менен суткасына 50 чактыдай адам катталып жаткан.