Кыйноолорду алдын-алуу борбору эки абак тууралуу билдирүү таратты

0
Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбору Беловодский айылындагы №16 колонияда жазасын өтөп жаткан адам кыйноого кабылганын билдирди.

Аталган борбордун директору жана кызматкерлери 6-августта №16 колонияны жана №47 түзөтүү мекемесин текшеришкен.

Иш сапардын жүрүшүндө тогуз жылга кесилген адам күзөтчүлөр тарабынан кыйноого кабылганын билдирип, арыз жазган.

“Ал 5-августта уктап калып, эртең мененки текшерүүгө бир аз кечигип калган.Мындан удам 5-6 күзөтчү аны күчкө салып, камерага сүйрөп кирип, сабаган. Кармалган адамды кара ниет мыйзам бузуучу катары тариздеп, бир айга чейин штрафтык камерада кармашкан. Ал мындай кордукка чыдабай көкүрөгүн кесип салган. Ал киши учурда күзөтчүлөрдү жоопко тартууну суранып жатат”, - деп айтылат Кыйноолордун алдын-алуу боюнча улуттук борбордун маалыматында.

№47 түзөтүү мекемесинде дарыланып жаткан дагы бир адам Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жатып кырсыктаган. Аны Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунун дарыгерлери соттолгонуна байланыштуу кабыл алуудан баш тарткан.

Улуттук борбор абактагы адамдарга медициналык жардам көрсөтүүдөн баш тартууга болбосун белгилейт.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/17082