Бишкекте маршрутканын жүргүнчүсү каза болду

0

Бишкектин Чүй проспектинде маршрутканын жүргүнчүсү каза болду. Бул тууралуу ЖМКлар жазды.

Ыкчам медицина борборунун директорунун орун басары Егор Борисов маалыматты ырастады. Анын айтымында, Тез жардам кызматына чакыруу саат 8:50дө түшүп, бригада 9:10до барып калган.

Медиктер кишинин каза болуп калганын аныктаган, бирок азырынча себеби белгисиз. Маркумдун ким экени дагы тактала элек. Алдын ала маалымат боюнча, ал 30 жашта болчу.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/17086