Мектептер толук ачылат, форма талап кылынбайт

0

Окуучулардын жана тарбиялануучулардын көпчүлүгү үчүн дээрлик эки жыл жабык турган мамлекеттик мектептер менен бала бакчалар быйыл жаңы окуу жылында кадимки тартипте иштөөсүн уланта баштайт. Бул тууралуу 10-августта Билим берүү жана илим министрлигинин адиси Гүлшан Абдылдаева билдирди.

Анын айтымында, кызматкерлердин көбү коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндүктөн ушундай чечим кабыл алынууда:

“Эмдөөдөн дагы эле өтүп жатышат. Бүгүнкү күнгө карата мектептердин жана бала бакчалардын кызматкерлеринин 70% ашыгы вакцина алды”.

Абдылдаева окуучулардан милдетүү мектеп формасын кийип келүү талап кылынбай турганын, себеби пандемия шартында көпчүлүк ата-энелер каржылык жактан кыйналып турушканын кошумчалады.

Коронавируска байланыштуу 2020-жылдын мартында жабылган мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлар толук ачыла элек. COVID-19 жуккан адамдар боюнча расмий статистикада Бишкек биринчи орунда турат, өлкөдө бул вирус дээрлик 167 миң кыргызстандыкка жукту, алардын 2,3 миңден ашууну каза болду.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/17090