Манасчылар: "Манастын уулу Семетей" тасмасында кемчиликтер бар

0
Бүгүн 10-августта Бишкекте бир катар белгилүү манасчылар маалымат жыйын курушту. Жыйынга манасчылар Назаркул Сейдракманов, Рыспай Исаков, Замирбек Баялиев, Дөөлөт Сыдыков жана Самат Көчөрбаев катышты.

Алар жакында тартыла баштаган "Манастын уулу Семетей" көркөм тасмасынын кемчиликтери бар экенин айтышты.

Манасчылар "тасманын сценарийине эпостун салтуу формасында жок көрүнүштөр кошулуп кеткен жана атайылап жасалган идеологиялык бурмалоолор бар" деп белгилеп жатышат.

Айрым манасчылар бул тасманын тартылышын токтотууну талап кылууда.

Тасма президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен, Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетей” драмасынын негизинде жазылган сценарий боюнча тартылып жатканын продюсери жана сценаристи Өмүрзак Төлөбеков “Азаттыкка” 1-августта билдирген. Тасмага каршы чыгып жаткандарга ал "“Манас”, “Семетей” – элдик чыгарма. Аны ыйык кылып, мифологияга эле байлай берген туура эмес" деп жооп берген.

Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев "тасмага президент каржылык колдоо көрсөтүп жатат" деген маалымат туура эмес экенин 2-августта билдирген. 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/17091