Башкы прокуратура Бакиевге тагылган айып жана жаза боюнча маалымат берди

0

Мурдагы президент Курманбек Бакиевге карата Кыргызстанда чыккан сот өкүмдөрүнө ылайык, ал сыртынан жалпысынан 30 жылга эркинен ажыратылган. Башкы прокуратура АКИpress маалымат агенттигине Бакиевдерге тагылган айыптар тууралуу 10-августта кеңири маалымат берди.

Анда мурдагы президент издөөдө экени, жеке өзүнө жана жакындарына каршы жалпысынан он чакты факт боюнча айып тагылганы айтылды.

Башкы айып 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектин Ала-Тоо аянтында адамдар өлтүрүлүп, жараат алганы боюнча. Мындан тышкары, Таластагы Жерүй алтын кенин иштетүү үчүн өзгөчө артыкчылык алып, кийин аны үчүнчү тарапка сатып жиберүү, ошол кездеги «Азия Универсал Банктын» жана Социалдык фонддун кардарларынын 2,78 миллиард сомун тартып алуу, “Ысык-Көл” банкынын акцияларынын 20% сатууга мажбурлоо, Бишкектеги борбордук көчөлөрдүн бириндеги бир гектар жерди тартып алуу, мыйзамсыз акчаны банктар аркылуу легалдаштыруу деген айыптар бар экени маалымдалды.

Эгер Курманбек Бакиев Кыргызстанга келе турган болсо же аны укук коргоо органдары алып келишсе беш жыл мурдагы сот өкүмүнүн негизинде дароо камакка алынарын Башкы прокуратура 4-августта билдирген.

2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин Курманбек Бакиев башында турган бийлик кулатылган. Мурдагы президент жакындары менен чет өлкөгө качып кеткен, өзү ушул тапта Беларуста баш калкалап жүрөт. Ага карата сот өкүмү 2016-жылдын 29-июлунда чыккан.

Элдик толкундоолордон кийин 2005-жылы Орусияга чыгып кеткен мурдагы президент Аскар Акаев ошондон бери быйыл 2-августта Кыргызстанга келип, Кумтөр боюнча тергөө менен активдүү кызматташып жатканын Башкы прокуратура билдирген.

Коомчулукта эгер Акаев келсе, Бакиев да ээн-эркин кайтып келери тууралуу сөздөр күчөгөн. 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/17097