Өз сөзүндө ал ишеним көрсөткөнү үчүн президент Садыр Жапаровго рахматын айтып, “кызматты тапшырууда эч кандай саясат жок экенин” билдирди.
“Өз каалоом менен Бишкек шаарынын мэрлигинен кетүүнү чечтим. Ишеним көрсөткөнү үчүн урматтуу президентибиз Садыр Нуркожевичке терең ыраазычылык билдирем. Акыркы үч жыл ичинде Ош шаарынын мэри катары кызмат кылдык эле. Үч жыл ичинде мүмкүнчүлүккө жараша иштеп, эл үчүн аз да болсо кызмат кылдык деп ойлойм. Жаңы максаттар, жаңы пландар менен Бишкек шаарына да кызмат кылып, борбор калаабызды мындан дагы жакшы кылып оңдойбуз деп пландаганбыз. Бир күнү сөзсүз Бишкек үчүн дагы өз салымыбызды кошорубузга ишенем. Менин кызматты тапшыруумда эч кандай саясат жок. Бул менин жеке чечимим”, - деди Таалайбек Сарыбашов видео кайрылуусунда.
50 жаштагы Таалайбек Сарыбашов 2018-жылдан бери Ош шаарынын мэрлик кызматын аркалап келген. Анын ордуна Ошко жетекчи болуп Алмаз Мамбетов барган.
Алмаз Мамбетов менен Таалайбек Сарыбашов кызматты президент Садыр Жапаров сунуштаганын билдиришкен.
Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шаардык кеңештин депутаттары шайлайт. Жаңы чакырылыштар өз сессиясында президент сунуштаган мэрлерди шайлап, же четке кагышы керек. Борбордук шайлоо комиссиясы бул эки шаарда мэр шайлоону 26-августка белгилеген.
Сарыбашовду ээрчиген сын
Таалайбек Сарыбашов мэрдин милдетин аткара баштаган күндөн тарта эле ар кандай сындарга кабылды.
"Азия Ньюс" басылмасынын башкы редактору Асланбек Сартбаев "Фейсбуктагы" баракчасына Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашовдун иш бөлмөсүндө кол алдындагы кызматкерлери менен сүйлөшүп отурган сүрөтүн өзүнүн комментарийи менен жарыялаган.
Кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Сартбаевге кылмыш ишин козгоп, сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган. Ал Кылмыш кодексинин 313-беренеси ("Расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактык кастыкты козутуу") боюнча айыпталып жатат. Журналисттин интернетке жарыялаган материалда аймактар аралык кастыкты козутуу белгиси бар, же жогун аныктоо үчүн экспертиза дайындалганы айтылды.
Таалайбек Сарыбашов 2015-жылы өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген. Ага чейин Алай районунун акими болчу. 2018-жылы болсо Ош шаарынын мэри кызматына жалгыз талапкер болуп, 44 депутаттын колдоосу менен калааны башкарып калган. Буга чейин анын кош жарандыгы бар экени жана диплому жасалма экени айтылып келген. Бирок бул маалыматтарды Сарыбашов өзү четке кагып келүүдө.
Социалдык тармактарда Таалайбек Сарыбашевдин мэрликтен күтүүсүз кетиши таң калуу жаратты.