“Адилетсиз шайлоо уюштуруу бийликти басып алууга алып келет. 2005-жылы саясий оюндар орун алып, бийлик алмашкан. 2009-жылы дагы ошондой болгон. Ар ким өз көмөчүнө күл тартып олтуруп, улуттук коопсуздук унутта калууда. 2020-жылдын октябрь айында болгон окуялар буга мисал. Ошондо да шайлоонун алдында биз бийликке эскертип, адилетсиз шайлоо элди толкундоого алып келери мүмкүн экенин айтканбыз”, – деди Иманкулов.
Ооганстандагы талибдердин аймактарды улам ээлеп алуусу Кыргызстандын сырткы коопсуздугу үчүн олуттуу көйгөй болорун да эскертти.