Мариповдун орун басары Жунушалиев Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болду

0

Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы Улукбек Марипов кол койду. Ал жаңы мэр шайланганга чейин калаа башчысынын милдетин аткарары айтылды.

Жунушалиев буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеп жаткан.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/17150