Лейлек районунун Кулуңду айыл аймагында Кулуңду айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери өздөрү тейлеген аймактагы жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында “Көчө баласы” атындагы иш-чара өткөрдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө суу ташкындаган коопсуз жерлерге эскертүү тактайчаларын илип, район аймагында жайгашкан Алтын-Бешик жашы жете элек өспүрүмдөрдүн эс алуу жайына барышып, өспүрүмдөр менен баарлашты. Ошондой эле түн ичинде өз алдынча жүргөн 15 өспүрүмдөрдү аныктап, алардын ата-энелерине эскертүүлөр берилди. Мындан сырткары каттоодо турган 13 жаш өспүрүмдүн турак үйлөрүнө барып, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
2021-жылдын 7 ай аралыгында Кулуңду айыл аймагында жаш өспүрүмдөр тарабынан 3 кылмыш жасалган.
Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы