13-16-августтарда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо жайгашкан жайлоолордо жаан карга айланышы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.
14-16-августта жана 17-августта тункүсүн абанын температурасы кескин төмөндөйт. Чүй облусунун өрөөндөрүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25 градус жылуу болот. Тоо этектеринде болсо түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19 градус болушу ыктымал.
Талас облусунда түнкүсүн 7…12°, күндүз 19…24° болот.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 12…17° болсо, күндүз 25…30° ысыйт. Тоо этектеринде түнкүсүн 8…13°, күндүз 21…26° болору айтылды.
Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 5…10°, күндүз 15…20 градуска жетет. Тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6°, күндүз 9…14° жылуу. Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 4…9° жылуу болушу ыктымал.
Мындай өзгөрүлмөлүү аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо мал кармоону кыйындатат.
13-августтан 16-августка чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел да жүрүшү мүмкүн.