Президент "жер тилкелерин трансформациялоо жөнүндө" мыйзамга кол койду

0

Президент "Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду.

Президенттин расмий сайтына жарыяланган маалыматка ылайык мыйзам турак жай куруу пландалбаган жер тилкелерине үй салып алган адамдардын бир топ жылдан берки көйгөйүн чечүүгө багытталган.

Бул мыйзам аркылуу жол-жоболор түшүндүрүлүп, кайрыла турган органдар такталат.

Мыйзам менен жаңы конуштардын инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча демилгелер трансформацияланган жерлердин ээлесине өткөрүлүп берилет.

Ушул кезге чейин жер участокторун трансформациялоодо турак жайларды куруп алган жер тилкесинин ээлери айыл чарба жоготууларын жана алынбай калган пайданы төлөшү керек болчу.

Өлкөдө жарандардын жашоосуна кандайдыр бир деңгээлде таасирин тийгизген экономикалык кырдаалга, баалардын өсүшүнө, пандемияга байланыштуу жарандардын жашоо-турмушунда келип чыккан кыйынчылыктарды эске алуу менен бул мыйзам жарандарды айыл чарбадагы жоготууларга байланыштуу компенсацияларды төлөөдөн бошотот. 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/17219