Орусия калайман мушташка катышкан 26 кыргызстандыкты депортациялады

0

Орусиянын Москва шаарындагы Кузьминки районундагы калайман мушташка катышкан 26 кыргызстандык депортация болду. Бул тууралуу Орусиянын Vesti.ru басылмасы жазды.

“Кечээ колуна кишен салынган чет элдиктердин тобу Кыргызстанга депортацияланды. Аларга Орусияга 40 жылга чейин кирүүгө тыюу салынган”, - дейт аталган басылма.

Июль айында Москвада кыргызстандык жана тажикстандык мигранттар мушташып, жүздөй киши кармалган.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Орусиядагы өкүлү Нурлан Жанбаев Москвада кыргыз-тажик жарандарынын калайман мушташынан улам "бейбаштык" беренеси менен иш козголгонун билдирген.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/17225