Ооганстанга дипломаттарды жана жай тургундарды эвакуациялоо үчүн АКШ аскерлери келе баштады

0

Талибдерден Кабулга жакындай баштаганынан улам АКШ элчилигинин кызматкерлерин эвакуациялоо жана аэропорттогу коопсуздукту сактоо үчүн Ооганстанга багыт алган америкалык аскерлердин алды өлкөгө келди.

Пентагондун өкүлү Жон Кирби үч миңдей аскер кызматкеринин басымдуу бөлүгү 15-августта жайгаштырылып, алар Ооганстандан "күнүнө миңдеген адамдарды" чыгарып турарын билдирди.

Аскерлердин өлкөгө кириши талибдердин түндүктөгү Герат менен түштүктөгү Кандагарды басып алып, чабуулдарын күчөткөнүнө байланыштуу болууда.

Ири шаарлардын талибдердин колуна өтүшү, Кабулга чабуул жасоого аз эле күн калды деген чочулоону жаратты.

Кирби Талибандын жоочулары шаарды изоляцияга алууга аракет кылып жатканын айтканы менен борбор калаа "коркунучка кептелбегенин" белгиледи.

АКШ президенти Жо Байден аскерлерди чыгарууну жаңылыштык деп эсептеген конгресстеги республикачылар тарабынан сынга кабылган.

Сенаттагы азчылыктын өкүлү Митч Макконнелл 13-августта АКШ талибдерге каршы авиасокку уруп, ооган аскерлерине колдоо көрсөтүшү керек экенин айтып чыкты.

Байден америкалык аскерлерди Ооганстандан ушул жылдын 11-сентябрына чейин толук чыгарууга убада берген.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/17226