Түркияда кыйраган орусиялык өрт өчүрүүчү учак

0

Түркиянын түштүгүндөгү Кахраманмараш провинциясында Орусиядан ижарага алынган өрт өчүрүүчү Бе-200 учагы кырсыкка учурады.

Орусиянын Коргоо министрлигине шилтеме кылган "Интерфакс" агенттиги бортто орусиялык беш аскер кызматкери жана үч түрк жараны болгонун жазды. Алардын тагдыры тууралуу азырынча мекеменин маалыматы жок.

Түркиялык NTV телеканалы тирүү калгандар жок экенин кабарлады.

Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматында учак өрттүн очокторун өчүрүп жүргөн кезде, Москва убактысы менен 15:10до Адана шаарына жакын жерде кырсыктаган.

Окуя болгон жерге куткаруучулар жөнөп кетти.

Жетүүгө кыйын аймактардагы өрттү өчүрүүгө ыңгайлашкан, бортунда 12 тонна сууну көтөргөн кубатка ээ Бе-200 учагы Түркияга токойду каптаган өрттү өчүрүү үчүн жөнөтүлгөн.

Түркия дээрлик эки жумадан бери өрт менен күрөшүүдө. Анкара тилсиз жоодон сегиз адам өлүп, ондогон киши ооруканага жаткырылганын кабарлаган. Бийлик өкүлдөрү жана эксперттер окуяны климаттын өзгөрүшү менен байланыштырууда.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/17227