Өткөн сутка ичинде 152 адамдан коронавирус табылып, алты бейтап көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашы.
Коронавирус катталган аймактар:
Бишкек – 67;
Ош шаары - 1;
Чүй облусу – 19;
Талас облусу - 4;
Ысык-Көл облусу – 43;
Жалал-Абад облусу – 6;
Баткен облусу - 12;
Республикалык штабдын маалыматтарына таянсак, COVID-19 илдети Ош жана Нарын дубандарында катталган жок.
Бир сутка ичинде 300 адам айыгып чыкты. Тилекке каршы, кечээ коронавирус алты адамдын өмүрүн алып кетти.
Бул күндөрү стационарда 1 136 жана амбулатордук түрдө 1 071 адам дарыланып жатат.