Жапаров: чек ара маселесинде өз ара сый приницибинде сүйлөшүүнү улантабыз

0

Өзбекстан менен чек ара маселелерин тактоо жигердүү жана өз ара түшүнүшүү духунда бара жатат, ал эми Тажикстан менен бири-бирин сыйлоо жана урматтоо принцибинин негизинде сүйлөшүүлөрдү улантышыбыз зарыл. Бул туурасында президент Садыр Жапаров Көз карандысыздыктын 30 жылдыгына карата элчилер, эл аралык уюмдардын жетекчилери менен жолугушууда айтты. 

Президенттин маалымат кызматы Жапаров өлкөнүн көз карандысыздыгын, эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн, улуттук кызыкчылыктарын коргоого багытталган ачык, тең салмактуу жана тышкы саясатты тынч жүргүзүү улантыларын белгилегенин билдирди.

Эгемендүүлүктүн алгачкы күндөрүнөн тарта коңшу өлкөлөр менен чек ара маселелерин чечүү артыкчылыктуу багыт болгондугун баса белгилеп кетүү маанилүү деп эсептээрин айткан. Бул региондо коопсуздуктун жана туруктуулуктун жалпы мейкиндигин түзүүнүн ишенимдүү пайдубалы болуп калууга тийиш деп санаарын билдирген.

Чет элдик дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү менен жолугушууда Кыргызстандын чектешкен кошуналары: Кытай, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан менен болгон чек ара маселелеринин абалына токтолгон.

Кытай жана Казакстан

Кытай менен мамлекеттик чек аранын узундугу 1 071,8 чакырымды түзөт. Делимитация боюнча сүйлөшүүлөр 2000-жылы аяктаган. Хан-Теңир жана Жеңиш чокуларындагы талаш тилкелер, ошондой эле Бедел ашуусунун (Үзөңгү-Кууш дайрасынын суу топтолгон жеринин) батышындагы аймак өтө татаал чечилген. Ал эми Казакстан менен чектешкен мамлекеттик чек ара 1 242 чакырымга созулат. Делимитация иши 2001-жылы бүткөн.

"Биз 1996 жана 1999-жылдагы келишимдер аркылуу кошунабыз Кытай менен, ошондой эле 2001-жылдагы келишим аркылуу боордош Казакстан менен мамлекеттик чек арабызды укуктук жактан тактап алганбыз", — деген Жапаров.

Учурда Тажикстан жана Өзбекстан менен чек ара маселеси чечиле электигин, алар боюнча сүйлөшүүлөр улантылып жатканын белгилеген.

Өзбекстан

Кыргыз-өзбек чек арасы 1 388 чакырымга созулат, алардын 1 170,53 чакырымы такталган. 2017-жылдын сентябрында кыргыз-өзбек чек арасынын 85 пайызы боюнча макулдашуу келишимине кол коюлган.

"Мен Өзбекстан менен чек ара маселелерин тактоо жигердүү жана өз ара түшүнүшүү духунда бара жатканын баса белгилегим келет", — деп билдирген.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/17654